№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби шаардын Түндүк аймагынын Умбеталиев 2 көчөсүндө жайгашкан. Мектеп эки имараттан турат. Биринчи имарат 1958-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми экинчиси 1968-1976-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Жалпы аянты 11520 м.кв. Жылытуу системасы борборлоштурулган жылытуу системасына уланган . Проект боюнча 640 окуучуга ылайыкташкан. Иш жүзүндө 517 окуучу, 21 класс комплекти бекитилген. Мектепте 30 мугалим эмгектенет. Окутуу кыргыз тилинде,эки нөөмөттө жүргүзүлөт. Директордун аты-жөнү: Өмүрбекова Анара Токтогуловна Окуу бөлүм башчысы: Камаридинова Бубукатыча Жамалидиновна Тарбия башчысы: Джолдошева Айчүрөк Курбанбековна
№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2022-2023-окуу жылына түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-август №1529/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде түзүлдү.
№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 20 класс-комплект бар жана анда 498 окуучу окуйт. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
1-баскыч-башталгыч мектеп, 1-4-класстар 8класс;
2-баскыч-негизги мектеп, 5-9-класстар 9класс;
3-баскыч-орто мектеп, 10-11-класстар 3класс.
Класстагы окуучулардын орточо саны 22-30 окуучуну түзөт. Сабактар Базистик окуу планга ылайык, мектептин окуу бөлүмү тарабынан түзүлгөн жүгүртмө боюнча өткөрүлөт. Регламентке ылайык, сабактар 45 минутадан , 5 минуталык тыныгуу менен өтөт. Окуу беш күндүк мөөнөт менен жүргүзүлөт. Окуучулар 2 сменада билим алышат.Толук күндүү окуу процессин жүргүзгөн мектеп катары,сабактан кийинки убактарда окуучулардын кызыгуусу боюнча спорттук жана эмгек кружоктор иштейт.
Каникулдардын графиги Базистик окуу планынын түшүндүрмө катынын негизинде коюлган Программалар, окуу китептери,текшерүүчү дидактикалык материалдар, усулдук адабияттар,тематикалык иш-чаралар окуу планына,билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү минимумуна,окутуунун сапатынын жыйынтыгына,окуучулардын өнүгүүсүнүн деңгээлине жана психологиясына дал келет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш алып баруу менен №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин билим сапатын камсыздоо максатында 20__-жылдын ______________№_____ Педагогикалык кеңешмеде бекитилген мектептин өнүгүү планында (стратегиялык план 2021-2026-о.ж.) жана учурдагы окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында мектептин миссиясы жана максаттары чагылдырылган. Мектепти жана кызыкдар тараптарды өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары менен кошумча талаптар керек экендигин эске алуу менен стратегиялык планга киргизилген, ал эми толуктоолор ОТЖПда жыл сайын анализделип киргизилип турат. Пед.кеңештердин жана өндүрүштүк кеңешмелердин маселелери талапка ылайык,зарыл деп табылган маселелер менен алмашылып турат. Мектептин миссиясы: « Адеп ахлактуу билимдүү, заман талабына жооп берген компетенттүү инсанды тарбиялоо». Максаты: “Мектеп ишин жаңылап жакшыртууда окуу предметтерин жогорку илимий-методикалык деңгээлде окутуунун негизинде окуучулардын билимдеринин, билгичтиктеринин жана кѳндүмдѳрүнүн сапатын жогорулатуу, алардын окууга болгон жоопкерчилиги күчѳтүү, окуп-таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүктѳрүн ѳркүндѳтүү”. Коюлган максаттарды иш жүзүнө ашырууда: • Этнопедагогикалык багытта ата-бабалардын мыкты салттарын, үрп-адаттарын турмушта пайдаланууга үйрөтүлүп, кылмыштуулукту болтурбоонун алдын-алуу иш-чаралары күчөтүлөт.
• Алган теориялык билимдерин практикада пайдалануу, окуучулардын,мугалимдердин мектеп ичиндеги окуу бөлмөлөрүн ,андагы окуу эмеректерин, окуу куралдарын ж.б. көздүн карегиндей сактоого, мектептин ички, сырткы чөйрөлөрүн жашылдандыруу,тазалыкта кармоо иш-аракеттерин жүргүзүү аркылуу табигат менен таттуу мамиледе болууга экологиялык багытта билим-тарбия берүү улантылат.
• Таланттуу, зээндүү балдар менен иштөөдө ар биринин жекече мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү үчүн шарттар түзүлөт, алардын чыгармачылык изденүүсү калыптандырылат.
• Өзгөчө муктаждыгы бар, аялуу балдарды коомго аралаштыруу максатында мектеп имаратында окутуу бөлмөлөрүн ачуу,аларга күндөлүк жашоодогу керектүү нерселердин жөндөмүн үйрөтүп,өнүктүрүүчү борбордо окутуу жана тарбиялоо боюнча инклюзивдик билим берүү ишке ашырылат.
Мугалимдердин билимин, кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында билимин өркүндөтүү курстарында окутулат.
Нормативдик окуу-методикалык иш кагаздары менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган: -мамлекеттик билим берүү стандарты; -жумушчу окуу планы; -жумушчу окуу программасы; -тематикалык пландар.
2021-2022-окуу жылында окуучулардын саны 491, алардын ичинен кыздар- 244. Улуттук курамы боюнча кыргыздар-491. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын саны-8. Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөнкү структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзөт: -Педагогикалык курам; -Тех.персонал; -Окуучулардын курамы; -Ата-энелер комитети; -Коомчулук.
Мектепте билим берүүнүн максаттарына ылайык материалдык-техникалык база жана маалымат ресурстары менен камсыздалган. Окуу процессин уюштурууда зарыл техникалык каражаттар жетиштүү эмес, толуктоо иштери жүрүп турат.
Мектептин китепканасынын жалпы китеп фонду төмөнкүдөй болду.
№
Жалпы китеп фондунун бөлүмдөрү
Жалпы саны.
1
Усулдук колдонмо
1775
2
Көркөм адабияттар
3451
3
Дүйнөлүк балдар адабияты
70
4
Жалпы китеп фонду
13378
Жалпы мектеп боюнча окуучулардын китеп менен камсыз болуусу
1-4-класстар 88,61 %
5-9-класстар 87,27 %
10-11-класстар 85,53 %
Жалпы окуучулардын камсыз болуусу 87,35 % ды түзөт.
Мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө,Мугалимдин статусу жонүндө,мыйзамдары,билим берүү программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты,Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары,билим берүү уюмдарынын иштерин жөнгө салуучу укуктук-нормативдик актылары,мектептин Уставы жетекчиликке алынып,окуучуларга сапаттуу билим берүү артыкчылыктуу мааниге ээ.
Мектептин окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында мектептин максаты коюлган. Мектептин максаты: “Мектеп ишин жаңылап жакшыртууда окуу предметтерин жогорку илимий-методикалык деңгээлде окутуунун негизинде окуучулардын билимдеринин, билгичтиктеринин жана кѳндүмдѳрүнүн сапатын жогорулатуу, алардын окууга болгон жоопкерчилиги күчѳтүү, окуп-таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүктѳрүн ѳркүндѳтүү”.
• Мектептин өнүктүрүү стратегиясын жана окуу-тарбия процессинин системалуулугун камсыздоо; • Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү; • Окутуунун ыкмаларын өнүктүрүү жана билим берүүнүн мазмунун тереңдетүү менен,окуучуларды келечекке татыктуу инсан кылып тарбиялоо; • Технологиялык каражаттарды пайдалануу менен окуу-тарбия процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
Окутуунун максаттары билим берүү уюмунун,метод кеңешменин, метод бирикмелердин пландарында жана программаларында белгиленген.Мамлекеттик билим берүүнүн стандартына ылайык келет. Окутуунун максаттары окуучунун позициясына жараша сабактардын пландарында белгиленген мамлекеттик билим берүүнүн стандартына туура келет.
МКТ ишке киргизүү максатында мектебибизде тиешелүү шарттар түзүлгөн: 20 мугалим МКТ сабактарында туруктуу колдонушат. Бир компьютердик кабинет, интернет желесине туташтырылган. Андан сырткары, 2 проектор бар. Сабактарды интерактивдүү ыкмада, эффективдүү өтүү максатында интернет желеси туташтырылган. МКТ компетенттүүлүктөрүнө ээ мугалимдердин ишмердүүлүгү үчүн курстар ,семинарлар уюштурулуп турат. Окутуу жана тарбиялоо процессинде 1-4-класстар арасында USAID “Бирге окуйбуз” долбоору жана “Окуу керемет” долбоорлору коомчулук менен инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу иш жүргүздү.Бул проект,программалар менен иш алып баруу,чыгармачыл окуучуларды аныктоо,окууга болгон кызыгуусун арттырууга,жыйынтыгында билим сапатынын жогорулашына түздөн түз жакшы таасирин тийгизээрин практика көрсөттү.
Окутуу жана тарбиялоо процессинде ата-энелерден сурамжылоо,анкета жүргүзүү ж.б. кайтарым байланыш алуунун процесси уюштурулган жана талданган.
Мамлекеттик билим берүүнүн окуу стандарты ( 21.07.2017-ж. №403) билим берүүнүн сапатын баалоо, бекитилген ченемдик-укуктук актылардын негизинде окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин,окуу программаларын өздөштүрүүсүнүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана башка талаптар менен аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын билимин баалоо чейректик жана чейрек ичинде түзүлгөн планга ылайык жүргүзүлөт.Билим берүүнүн стандартына ылайык баалоонун түрү пайдаланылат. Чейректик жат жазуу,текшерүү иши же тест алуу учурунда окуучуга тапшыруучу ишинин көлөмү,баалоо критерийлери мугалим тарабынан маалымдалып турат,окуу бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынат. 9-11-класстарда баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,билим берүү жана окуу стандартын аткаруу менен мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын негизинде ишке ашырылат.
Окуучулардын билимин баалоодо алына турган чейректик жат жазуу,текшерүү иштери,лабораториялык-практикалык иштер,тест жана башка жазуу иштери мугалимдердин календардык планында так көрсөтүлгөн.Чейректик жат жазуу,текшерүү иши же тест алуу учурунда окуучуга тапшыруучу ишинин көлөмү,баалоо критерийлери мугалим тарабынан маалымдалып турат,окуу бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алышат.Мектептин планына ылайык ар бир предмет боюнча жумалык декадалар жана предметтик текшерүүлөр мектептин ички көзөмөлүндө иш алынып барылат. Жыйынтыктары педагогикалык кеңешмеде жана директор алдындагы кеңешмеде каралат.Метод кеңешмеде талкуу жүргүзүлөт. Ички көзөмөлдүн жыйынтыгы жана мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы “Экзамен тактасында чагылдырылат”.Жыл сайын окуучулар ЖРТ,НЦТ,ЖМА, “НОВА” га катышышат.
Окуу жылынын башында бардык мугалимдерге, тех.персоналдарга окуучуларга өрт коопсуздугу,техникалык коопсуздук эрежелери,жол эреже тууралуу инструктаж өткөрүлүп,журналдарга кол коюлат. Мектепте окуу бөлмөлөрү, спорт залда,китепканада,ашканада жана мектеп территориясында бардык санитардык-гигиеналык эрежелер сакталган, кышкысын жылуу.Окуучулардын билим алуусуна жана мугалимдердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Окуу кабинеттерин жарыктандыруу,класстардын жасалгалары,окуу эмеректери, жылуулук температурасы белгиленген нормаларга ылайык келет. 2012-жылы мектептин ашканасы ата-энелердин колдоосу менен оңдоп,түзөөдөн өтүп, 2014-жылы МЕРСИКО тарабынн стол жабдыктары берилип, 1-4-класстардын окуучуларына бекер ысык тамак берилип келет. Үч жылдык келишим бүткөндүгүнө байланыштуу, камкорчулар кеңеши 1-4-класстардын ысык тамагын улантып жатышат. 2014-жылы мектептин чатыры жабылган. ОсОО “Аман курулуш”; 2015-жылымектептин ажаатканасы ОсОО “ТНИ-АLK” курулуш агенттиги тарабынан курулган. 2017-жылы мектептин жылуулуксистемасы алмаштырылды. 2019-жылы мектеп спорт зал курууга проект жазылып, 2022-окуу жылында бүтүрүлүп март айында пайдаланууга берилди. Спорт зал заман талабына ылайыкташтырылган. Окуучулар үчүн жуунучу бөлмөлөрү жана спорттук инвентарлары менен жабдылган. Чакан футбол жана баскетбол ойноо үчүн секторлорго бөлүнүп ыңгайлаштырылган. Мектеп ашканасынын эмеректери бүтүрүүчүлөрдүн жардамы менен толукталган,инвентарлар ,тамак ичүүдө колдонулган идиш-аяктар,тазалык маселелери жолго салынып,милдеттүү талаптарды аткарат. Мектеп таза суу менен камсыз болгон,колдуу жууш үчүн умывальниктер коюлган. Эскилиги жетип,кажылып кеткен терезелер стим. гранттын эсебинен пластикке алмашылды . Абанын тазалыгы камсыздалып, нымдуу уборкалар жүргүзүлуп,тыныгуу убагында желдетүү иштери аткарылып турат. Аба аркылуу жугуучу оорулардан алдын алуу максатында хлор менен уборка жасалат.Бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу ШБББдан локтовый дозатор, дизковрик, антисептик, суюк самын,хлор менен камсыз болдук. Мугалимдер жана окуучулар арасында сергек жашоо боюнча класстан тышкаркы иштер жана класстык сааттар өтүлүп турат. Мектептин ден соолукту чыңдоочу спорт аянтчасы, бар.Дене тарбия мугалимдери жана класс жетекчилер тарабынан ар түрдүү спорттук иш чаралар өткөрүлүп турат. Медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу жагы жолго коюлган.
Мектепте билим сапаты боюнча акыркы 5 жыл ичинде баалоонун негизинде мониторинг жүргүзүлүп турат.
ЖРТ жыйынтыгы Бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжалары
Акыркы беш окуу жылындагы маалыматтар
2017-2018- окуу жылы
2018-2019- окуу жылы
2019-2020- окуу жылы 2020-2021-окуу жылы 2021-2022-окуу жылы ЖРТга катышкан окуучулардын саны
6 7 10 21 15 ЖРТ боюнча баллдарынын орточо белгиси 123 115 109,8 98,4 112 110 баллдан ашык алган ЖРТга катышкандардын саны
4 5 5 9 7
Олимпиада Шаарда 2017-2018 2018-2019 2019-2020 2020- 2021 2021-2022 Мектеп олимпиадада катышкан жалпы предмет саны: 17 21 19 16 5 Биринчи орун алган предметтер саны 2 2 2 1 1 Окуучулар биринчи уч орунда алган предметтер саны: 7 8 3 1 1
Негизги жалпы билим берүү жөнүндө күбөлүктү артыкчылык менен алган же орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестатты артыкчылык менен алган окуучулар жөнүндө маалымат
2017-2018- окуу жылы 2018-2019- окуу жылы
2019-2020- окуу жылы
2020—2021- окуу жылы 2021-2022-окуу жыл Окууч-н саны Окууч-н үлүшү Окууч-н саны
Окууч-н үлүшү % Окууч-н саны
Окууч-н үлүшү % Окууч-н саны
Окууч-н үлүшү % Окууч-н саны
Окууч-н үлүшү % 49 6,8 74 1,4 49 4 75 0 58 1,7
Акыркы 3 жылда окуучулардын Мамлекеттик жыйынтык аттестацияларынын натыйжалары жөнүндө
Окуу предметтери 2017-2018-о.ж 2018-2019- о.ж. 2019-2020-о.ж 2020-2021-о.ж 2021-2022-о.ж. Бүт. саны “4”, “5” Саны % Бүт. саны “4”, “5” Саны % Бүт. саны “4”, “5” Саны % Бүт сан ;4;, “5” саны Бүт. саны “4”, “5” Саны % Кыргыз тили 19 44 15 45 21 43 41 50 24 52 Орус тили 19 40 15 43 21 46 41 41 24 49 Математика 19 41 15 42 21 47 41 48 24 47 Тарых 19 46 15 50 21 49 41 50 24 54 Кырг.ад 19 45 15 55 21 51 41 59 24 61
Мектепте көрүнүктүү жерде “Ишеним кутучасы” орнотулган. Окуучулардын,ата-энелердин арыздарын жана даттанууларды карап чыгып жана иш алып баруу үчүн “Ишеним кутучасы”, ишеним телефондору иштейт. Түшкөн маалыматтарга,арыздарга анализ жүргүзүү үчүн атайын топ түзүлгөн.Бул топко директор, директордун тарбия иши боюнча орун басарынан турган атайын топ кирет. Суроолор менен кайрылган ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп класс жетекчиси,директордун орун басарлары тарабынан көйгөйүн туура чечүү үчүн иш алып барылат. Ал эми сырттан келген адамдар үчүн атайын журнал ачылган. Ар бир адам мектептин иш алып баруусу жана билим-тарбия иштери боюнча өз ойлорун жазып кетет. Ошондой эле тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын ИДН менен биргеликте түзүлгөн каттоо журналы түзүлгөн. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына кайтарым байланыш жасоонун жол-жоболору иштелип чыккан жанаишке киргизилген.
Мектепте педагогикалык жана көмөкчү курамдын комплекттелиши,квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгө ылайык. Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик өздүк курамы такталып, отчет берилип турат. Мектептин мугалимдеринин жана жетекчилеринин сапаттык курамы.
1. Жалпы мугалимдердин саны –27 2. Эркектер –1 3. Аялдар –26 4. Жогорку билимдүү-24 5. Бүтпөгөн жогорку билимдүү- 1 6. Атайын орто –2 7. 5жылга чейинки стаж – 5 8. 5-10-жыл — 8 9. 11-15 жыл – 9 10. 15 жылдап көп — 5 11. Кыргыз Республикасынын « Билим берүүсүнүн отличниги» — 5 Мектеп жетекчилеринин курамы:
Мектеп директору: Өмүрбекова А.Т, Окуу бөлүмүнүн башчысы: Султаналы к Э. Тарбия башчысы: Джолдошева А.К Профсоюз уюмунун башчысы: Жээнбекова Ү Соц.педагог – Каратаева А.Я.
Билим беруунуну отличниктери:
1. Абдикаликова П –кыргыз тили жана адабият мугалими 2. Берикбаева С.- математика мугалими 3. Эгизалиева Э. –тарых мугалими 4. Ыдырысова А.- Башталгыч класстын мугалими 5. Дооранбекова А- башталгык класстын мугалими 6. Камчыбекова У.- Химия мугалими
Мугалимдердин жүктөмү: Ставкадан төмөндөрү-0 1 ставка-0 1ден 1,5 ставкага чейин-27
Кесиптик өнүгүүнүн түрлөрү боюнча педагогдордун саны жана үлүшү
№
Кесиптик өнүгүүнүн ыкмалары 2017-2018- окуу жылы
2018-2019- окуу жылы
2019-2020- окуу жылы
2020-2021-
окуу жылы
2021-2022-
Окуу жылы 1 Акыркы беш жылда квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн мугалимдердин саны/үлүшү (72 с) 4 2 3 8 6
Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата-энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Ата-энелерден анкета түрүндө алынып, физикалык коопсуздук боюнча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы,кабинеттердин жылуулугу,желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, эмеректердин коопсуздугу боюнча суроо-жооп аркылуу аныктап алып, мектептин өнүгүү планына киргизилген. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата-эне,окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет.ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлүп,түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Социалдык психологиялык байкоо соцпедагог тарабынан жүргүзүлүп турат. Өрт коопсуздугу боюнча мектепте талапка ылайык щит орнотулган. Анда керектелүүчү шаймандар толугу менен камсыздалган. План эвакуация талапка ылайык жаңыртылган.
Мектепте педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү,алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жылынын башында перспективдүү план кабыл алынат.Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик өздүк курамы такталып,отчет берилип турат. Мектепте 27 мугалим эмгектенет. 80% жогорку билимдүү. Ар бир окуу жылынын башталышында ШБББга мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет.
Кесиптик өнүгүүнүн түрлөрү боюнча педагогдордун саны жана үлүшү
№
Кесиптик өнүгүүнүн ыкмалары 2017-2018-окуу жылы
2018-2019-окуу жылы
2019-2020- окуу жылы
2020-2021- окуу жылы 2021-2022-
Окуу жылы 1 72с.чейин өткөн мугалимдердин саны/үлүшү 2 4 5 6 6
2 Насаатчысы бар жаш адистердин саны/үлүшү 3 3 4 4 4
6 Мак-ды,мет-к ишт-и жарыялаган , жазууга катышкан педагогдордун саны/үлүшү 2 1 2 2 2
Мекептин мугалимдерин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын жиберилет,андан сырткары тренингдерде,кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу окууларга барышат.
Мектепте окуучулардын билим алуусу үчүн материалдык-техникалык базанын бардык шарттары түзүлгөн. Уч кабаттуу окуу корпусу, ашкана,спортзал жана спорттук аянтчалар,эс алуучу жайлар бар. • Окуу жайдын жалпы аянтым.кв. 11520м.кв. • Имараттын жалпы аянты 1404,8м.кв. • 19 окуу каанасы бар • Кыргыз тили жана адабияты -3 • Орус тили жана адабияты-1 • Математика -1 • Тарых-1 • География-1 • Биология-1 • Химия-1 • Физика-1 • Англис тили-1 • Башталгыч класстардын окуу кааналары-7 • Компьютердик каана-1 Мектептин штатына бекитилген медициналык кызматкер жок болгондугуна байланыштуу окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден соолугуна кам көрүү шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат. Учурда мектеп талапка жооп берет.Кышкысын жылуу,жарык. Балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз болгон.Материалдык базаны чыңдоонун үстүндө иш жүрүп жатат.
Мектепте билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары сакталган жана тиешелүү органдар менен тыгыз байланыш түзүлгөн.Алсак, окуу жылынын башында мектеп,ашкана СЭС тарабынан санитардык кароодон өтөт.Гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча:окуу жылынын башында мугалимдер,техперсоналдар,ашкана кызматкерлери медициналык кароодон өтүп,медициналык китепчеси талапка ылайык толтурулгандан соң гана кызматка кирише алышат.Ар бир этажда өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялык пландары,коопсуздук бурчтары уюштурулган.Мектепте өрткө каршы керектүү жабдуулар жана өрт чыгып кетүү коркунучунда кошумча чыгуу эшиктер менен жабдылган. Окуу кааналардын абалы жакшы,күнүнө эки жолу техничкалар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.Жылына бир жолу ремонттолуп,сырдалат. Эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу боюнча ар бир окуу каанасында антисептик,маска,салфетка,иштетилген маска салуучу урна, кагаздарды салуучу урна таза суу челеги,бут сүртүүчү антибактериалдык килемчелер бар. Ар бир өндүрүштүк окутуунун алдында бардык билим берүү процессинин катышуучуларына (мугалим,окуучу,тех.кызматкерлерге)техникалык коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүлүп турат.Эмгекти коргоо багытында ар бир кызматкер менен келишим түзүлүп, укук,мидеттери көрсөтүлөт.
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча иштер мектептин өнүгүү планында каралган. Мугалимдердин МТК боюнча өз билимин өркүндөтүүсүнүн үстүндө 2017-2018-окуу жылында 12 % 2018-2019-окуу жылында 91 % 2019-2020-окуу жылында 91 % 2020-2021-окуу жылында 91 % 2021-2022-окуу жылында 85 %
№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин иш кагаздары талапка ылайык жүргүзүлөт. 21 класстык журнал, алфавит китеби,окуучунун жана мугалимдердин жеке иш-кагаздары,буйрук китептер, кеңешмелердин папкалары,отчет-анализдер жана башка окутуу-тарбиялоо процессиндеги иш кагаздар менен иш алынып барылат.Окуучулардын келип-кетүү кыймылы боюнча убагында алфавит китебине өзгөртүү киргизилип,класстык журналдар,окуучулардын өздүк делолору текшерилип турат.Чейрек сайын окуучулардын билим сапаты,жетишүүсү тууралуу ШБББга маалымат берилет.Окуу жылынын жыйынтыгы менен мектептин ишмердүүлүгү,жетишкен ийгиликтер боюнча анализ жүргүзүлөт.Бул анализдин негизинде жаңы окуу жылына карата план иштелип чыгат.Мектептин күчтүү жагы болуп алдына койгон максатынын,миссиясынын тактыгы,чыгармачыл изденүү менен эмгектенген көп жылдык эмгек стажысы бар мугалимдердин басымдуулугу эсептелинет. Жыл сайын мугалимдер жамааты жаш кадрлар менен толукталып турат.Бул мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип,усулдук жардам берилет.Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандарты боюнча мугалимдердин календардык пландары,күнүмдүк пландары иштелип чыккан жана көзөмөлдө болуп турат.Чейрек сайын билим берүү боюнча жыйынтык чыгарылып,мониторинг түзүлөт.Окуучуларды ЖРТга даярдоону жакшыртуунун үстүндө иш алып барылат..Мектеп китепканасынын фонду жыл сайын толукталып турат.
Жаш мугалимдерге усулдук бирикме тарабынан тиешелүү деңгээлде жардам көрсөтө алат. Окуучунун саны компьютердин санына туура келбегендиктен жаңы компьютер менен камсыз кылуу талап кылынат. Мектеп физика, химия сабактары боюнча методикалык колдонмолор,лабораториялык жабдыктарга муктаж.
Мектепте окуу-тарбия иштери туура жолго салынып,ата-эне менен тыгыз иш алып барылат.Окуучулар арасында ар кандай класстан тышкаркы иштер,маданий иш-чаралар уюшулуп турат.1-4-класстардын класс жетекчилери ата-энелери менен биргеликте “Бирге окуйбуз”, “Келгиле окуйбуз”, “Окуу фестивалдарын”,5-11-класстарда “Акыл ордо”, “Билим ордо” интеллектуалдык таймаштарды,КВН,тегерек столдорду планга ылайык өткөрүп турушат. Мектепте спорт жагынан ар кандай ийримдер иш алып барышат.Волейбол, фудбол, нас. теннис боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
Мугалимдер жамаатынын ийгиликтүү иш алып баруусу,окуучулар жамаатынын Мамлекеттик стандартка ылайык билим алуусу үчүн канааттандырарлык деңгээлде материалдык техника,маалымат технологиялары бар:компьютердик класс, проектор,принтерлер бар,бирок жетишсиз.
Окуучулар жана мугалимдер үчүн ашканада кол жуучу раковиналар, аристондор орнотулган.Тышкы ажаатканалар иштейт.Стим гранттын эсебинен мектеп чатыры жана терезелери пластикке алмашылды.
Мектептин ишмердүүлүгүндө эксперттик топ көрсөтүлгөн документтерге жана өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгына анализ жүргүздү.Текшерүү убагында төмөнкү аспетилер каралды:
Мектептин ишмердүүлүк жүргүзүүчү баштапкы документтердин бар болушу (Устав,күбөлүк,сертификат ж.б.);
Мектеп документациясынын талапка ылайык жүргүзүлүшү (класстык журналдар,алфавиттик китеп,окуучулардын өздүк делолору,мектептин жылдык планы ,буйруктар,мамлекеттик үлгүдөгү документтерди каттоо китеби,педагогикалык кенеш-токтомдору,педагогикалык кадрлардын өздүк делолору);
Билим берүүнүн сапаттык ички көзөмөлдөөнүн материалдар жана мониторингдер;
Материалдык базанын болушу (класстар,инвентарлар,ашкана,спорт залдар,спорт аянтчалары,китепкана);
Структуралык бөлүктөрдүн иши (китепканачы,ашкананын иш абалы);
Тарбиялык иштердин абалы;
Окуу-тарбия процессине катышуучулардын мектептин ишмердүүлүгүнө берген баасы;
№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби талапка ылайык бардык нормативдик-укуктук документтерге ээ:
Билим берүү мекемесинин Уставы;
Юридикалык тарап катары күбөлүк;
Программа боюнча аккредитациядан өткөндүгү тууралуу сертификат. .
Мектеп иш кагаздары нормативдик талаптарга ылайык жүргүзүлөт.2021-2022-окуу жылында 21 класстык журнал, алфавиттик китеби, окуучулардын өздүк делолору,мугалимдердин өздүк делолору,эмгек келишимдери менен иш алып барат.Окуу процессинде болгон өзгөрүүлөр өз убагында жана системалуу түрдө класстык журналдарда, өздүк делолордо белгиленип,тил кат,тастыктамалардын негизинде аныкталып турат.Ар бир окуу жылынын, ар бир чейректин аягында окутуу-тарбиялоо процессинин,жалпы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, жетишкен жана кемчилик кеткен,аксап жаткан учурлары боюнча анализ чыгарылып, мектептин стратегиялык планын,миссия максаттарын негизге алуу менен кийинки кадамдар такталып,жооптуу адамдар жана аткаруу мөөнөтү белгиленет.
Башкаруунун эффективдүүлүгүнүн жана талапка ылайык билим сапатын камсыздоо саясатынын күчтүү жагы катары кесипкөй,бир нече жылдык эмгек тажрыйбасы бар, өз кесибин сүйгөн жана чыгармачылык менен иштеген, Билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын ишке ашырууга толук кызыкдар болгон мугалимдер жамаатынын тажрыйбалуу,бир катар жылдар катары менен ЖРТдан жыйынтык көргөзүп жатышы.Мугалимдердин кесиптик квалификациясын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу багытында системалуу түрдө мугалимдердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу курстарынан өтүп турат, бул көрсөткүч жылдан-жылга жогорулап жаткандыгы да аныкталды. Билим берүү сапатынын талапка ылайык-компетентүү болуусу,программалар да жакшы жыйынтык берип жаткандыгы байкалат.Мектептин базасында шаардык,областтык деңгээлде мектеп мугалимдери жана жетекчилери үчүн семинарлар,тренингдер байма-бай өтүп турат. Предметтик олимпиада, “Русский медвежонок”, “Кенгуру”олимпиадалары менен катар ЖРТга даярдык көрүү да актуалдуу маселе катары калат. Бул багытта жергиликтүү ЖРТга даярдык көрүүчү жеке тараптар, ата-энелер менен биргелешкен аракеттердин натыйжасында ЖРТ боюнча орточо баллдык көрсөткүч бир кыйла жогорулагандыгы байкалды. Бүтүрүүчүлөрдүн 60-70% ЖОЖдордо окушат.
Мектеп жамааты келечек ээлерин Мамлекеттик стандарттын негизинде компетентүү билим жана тарбия берүүнү ийгиликтүү ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип жатат.Ар бир жарым жылдыкта ата-энелер чогулушу өткөрүлүп , окуу жылынын аягында жыйынтык чыгарылат.Акыркы 5 жыл ичинде мектеп ишмердүүлүгү ата-энелер тарабынан “жакшы” деп бааланууда.
Келээрки жылга аткарыла турган иштер: 2020-2021-окуу жылында долбоор жазып, мектепте автордук программалар менен иш алып баруу, “Энелер мектебин” ачуу,областтык,Республикалык олимпиадаларда призерлорду, “Алтын тамга” талапкерлерин чыгаруу.
Мектептеги методикалык дидактикалык материалдар менен класс кабинеттерин,лабораториялык каражаттар, реактивдер, кол эмгек жана дене тарбия сабактарын тиешелүү каражаттар менен жабдуу;
Ар бир класска заманбап техникалык каражат менен камсыздоо;
Циповой системага өтүү;
Мектепти бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен байланышты арттыруу,алардын мектептен ары окуусун улантуусуна жана ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү.